Бишкек шаарынын 54 жаштагы тургуну Анаркүл Саманчиева боор циррозу менен жабыркап, тез арада операция жасатууга муктаж болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кызы Мээрим Саманчиева билдирди.
Анын айтымына караганда, апасы Гепатит С илдети менен 33 жылдан бери күрөшүп келет.
"Быйыл августта апам Түркияга кетип, бир апта өтпөй ооруп жатып калды. Андан кийин 5 ай бою ооруканалап диагноз коюлбай жүрдүк. Акыры Улуттук хирургия борборунда боор циррозу диагнозу коюлду.
Дарыгерлер апама тез арада операция жасатуу керектигин айтууда. Биздин убактыбыз аз болуп жатат. Операцияны Индиядан жасатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.
Ал үчүн жалпы 45 миң доллар керек экен. Анын ичинен 4 300 доллар топтоп койдук. Эми 41 миң 700 доллар жетпей жатат. Мындай сумма биз үчүн көп болуп, чамабыз жетпей жатат. Кайрымдуу элибиз жардам колун сунат деп ишенип турам", - дейт кызы Мээрим Саманчиева.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: