Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Казакстандын президенти менен жолугушту

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевдин кабыл алуусунда болду.

Жолугушууга ошондой эле Түркиянын мурдагы президенти Абдуллах Гүл, Монголиянын мурдагы президенти Намбарын Энхбаяр дагы катышышты.

Мамлекеттик катчы Касым-Жомарт Токаевди кайрадан Казакстандын президенти болуп шайланышы менен куттуктап, Казакстанда болуп жаткан реформаларды кубаттады.

Казакстандын мамлекет башчысы конокторду 20-21-декабрда, Астана шаарында өткөн биринчи Борбор Азия медиа форумуна катышып бергени үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Ал ар тараптуу кызматташтык жана маданий иш-чаралар өлкөлөр ортосундагы достукту, ынтымакты чыңдай тургандыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары жолугушууда Казакстандын президенти менен Кыргызстандын мамлекеттик катчысы кыргыз-казак достугу, эки элдин маданияты, өз ара бир туугандык алакасы боюнча пикир алмашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан