Өлкөдө үч тилдүү билим берүү системасын киргизүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева парламенттин бүгүнкү, 22-декабрдагы жыйынында сунуштады.
Эл өкүлү анын максаты келечек муундун кыргыз, орус жана анлгис тилинде эркин сүйлөшүн калыптандыруу болуп саналарын айтты.
"Кыргыз тили, Кыргызстан тарыхы сабактары кыргыз тилинде, дүйнөлүк тарых, орус тили, орус адабияты орус тилинде, ал эми химия, биология, информатика жана башка сабактар англис тилинде окутулса келечек муун үчүн маанилүү деп ойлойм. Англис тили - илим-билим, технологиянын тили. Албетте, реформага каражат талап кылынат. Бирок биз баштасак, эл аралык коомчулук жардам берет деген ойдомун. Бул системага өтүү үчүн көп убакыт талап кылынат. Андыктан кадамды бүгүн башташыбыз керек. Анын максаты келечекте жаштардын кыргыз, орус жана англис тилинде эркин сүйлөөсүнө калыптандыруу болуп саналат. Англис тили - дүйнөлүк экономикага ийгиликтүү интеграциялоо тили", - деди эл өкүлү.
Депутат үч тилдүү билим берүүнү ЖОЖдордо, өзгөчө техникалык факультеттерде пилоттук негизде киргизүү керек экендигин кошумчалады.