30-декабрдан тарта Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча кошумча чартердик каттамдардын ачылышы пландалууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти .
Маалымдалгандай, Jazeera Airways авиакомпаниясы Бишкектен Кувейтке каттамдарды 2022-жылдын 30-декабрында жана 2023-жылдын 1, 2, 4, 13, 15, 19-январында аткарганы турат.
Буга чейин көрсөтүлгөн багыт боюнча жумасына 4 туруктуу каттам аткарылып келген - дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, жума күндөрү.