Бишкекте троллейбустардагы санитардык абал жана температуралык режим боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия кыймылдуу курамдын санитардык абалын текшерди. Тактап айтканда, транспорттун санитардык абалы, айдоочулардын жумуш учурунда жүрүм-туруму, гигиеналык каражаттардын жана бет каптардын болушу текшерилди.
Ошондой эле транспорттогу температуралык режимди текшеришти. Жол эрежесин сактабаган, троллейбусту талаптагыдай санитардык абалда кармабаган айдоочуларга эскертүүлөр берилди. Мындай текшерүү эки аптада бир жүргүзүлөт.