"Мындай мамиле болбойт". Төрага Шакиев министрлер кабинетин сынга алды

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары 2023-2024-жылдарга республикалык бюджетти үчүнчү окууда кароодо.

Анда депутаттар жыйынга бир катар министрлер келбей калгандыгын сынга алышты.

Эл өкүлү Мирлан Самыйкожо маданият министри келбегендигин сынга алып, "Эмне маданият министрине бюджеттин кереги жокпу?" деп суроо салып, чакыртууну талап кылды.

Төрага Нурланбек Шакиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарларына кайрылып, негизи делген министрликтин жетекчилери келбегендигин билдирди.

"Эң маанилүү финансылык документ каралып жатат. Бул эмне деген кош көңүлдүк. Чакыргыла, бардык министрликтердин өкүлдөрү келсин. Мындай мамиле болбойт", - деди Шакиев.

Ал эми депутат Айбек Осмонов министрлер кабинетин "тойго келгендей келип алган го" деп сындады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан