Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге “Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда парламенттин маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, төрага бүгүн алгачкы агартуучу-илимпоз Ишеналы Арабаевдин 140 жылдык маарекесине арналган “Билим берүүдөгү интеграция маселелери жана мамилелер: Ишеналы Арабаевдин агартуучулук жана коомдук-саясий ишмердигинин улантылышы, заманбаптуулугу” аталышындагы конференцияга катышты.
"Конференциянын алкагында Нурланбек Шакиевге “Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды", - деп айтылат маалыматта.