Жаңы жылдагы майрамдык дасторконго канча каражат коротосуз? (Сурамжылоо)‎

Саналуу күндөрдөн кийин Жаңы жыл майрамы. Калкыбыз бир жыл бою топтогон, чогулткан азыктарын камдап, майрамдык дасторконго коёбуз деп күтүп жатканы анык. Ошол эле маалда үй кожойкелери майрамдык дасторконду кандай жасалгаласам деген ой менен алпурушуп жатса керек. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы үй кожойкелеринен майрамдык дасторконго канча каражат кетирерине кызыгып, сурамжылоо жүргүзүп көрдү.

Бишкек шаарынын тургуну Бактыгүл Таалайбек кызы дасторконго коюла турчу тамак-аштарга керектүү азыктар үйүндө бар экенин айтып, белек алуу үчүн гана каражат сарптаарын билдирди.

"Азырынча майрамга канча каражат короторумду пландай элекмин. Бирок болушунча сарамжалдуу болууга аракет көрөм. Жыл өткөн сайын ысырапкорчулук азайып баратат. Коён жылы болгондуктан сабизден салат, тамакка шорпо жасайм. Булар үчүн азыктар үйдө бар. Дүкөнгө белек алганы эле барбасак, башка нерселерге каражат керектебейм", - дейт ал.

Талас облусунун тургуну Кэрээз Сарыбаева быйыл майрамда башка жылга салыштырмалуу көп каражат сарптаарын билдирди. Буга ал майрамды бир туугандары менен бирге тосорун жүйө келтирди.

"Биз майрамдык дасторконго жакшы эле акча жумшайбыз. Бир аз гана короттук дегенде 5-7 миң сомдун тегерегинде кетет. Быйыл башка жылга салыштырмалуу көп каражат жумшалат деп турам. Анткени бир туугандарым менен чогуу тособуз. Эттин баасы 550 сом, чучук, казы-карта, таттуулар бар. Алардын деле баасы бир топко барат.

Жолдошум ысырапкорчулукту жаман көрөт, мен буга туура эле көз караштамын. Себеби жаңы жылды кандай тозсоң кийинки жыл ошондой болот деп коюшат эмеспи. Дасторкон жайнап турса, береке ошол деп ойлойм. Салаттарды көп жасап алып, анан түгөтө албай кийинки күндөрү жеп отура беребиз (күлүп)", - деди ал.

Суусамыр айылынын тургуну Гүлкайыр майрамдык дасторконго баш аягы 5 миң сомдой каражат кетсе керек деп боолголоду.

"Биз жылда жаңы жылды эки үй-бүлө, тагыраагы кайнимдин үй-бүлөсү менен чогуу тосчубуз. Быйыл кандай кылабыз билбейм. Жаңы жылга дасторкон жаябыз деп көп деле каражат сарптабайбыз. Башкысы балдар үчүн торт, сок, анан салатка деп азык-түлүк алабыз. Айылда бир келин торт жасайт. Килограммы 1000 сомдон, быйыл дагы ошондон алабыз го деп жатам. Салатка керектүү азык-түлүктөрдү айылдан эле алабыз. Ал эми мөмө-жемиштерди, таттууларды шаардан балдарым менен сиңдилерим ала келишет. Калганын үйдөн эле жасайбыз. Ошентип баш аягы 5 миң сомдой каражат кетсе керек. Ал эми салют дегендерди көп жылдан бери эле аттырбай калганбыз", - дейт Гүлкайыр.

Бишкек шаарынын тургуну Нуржанат Чоробаева жашылчалар көп кошулган салаттарды жасап, майрамда жакындарын конокко чакырарын кошумчалады.

"Негизи жаңы жыл тозуу бул негизи туура эмес эле көрүнүш деп ойлойм. Бирок кошуна-колоң, туугандар жаңы жылда чайга чакырышат. Аларга барып чай ичип отуруп, өзүң чакырбай койсоң да туура болбой калат. Анан биз дагы элден калбай дасторкон даярдайбыз. Биринчи эле нан, боорсок жасап, булочка сыяктуу таттууларды, торт, салаттарга керектелүүчү азыктарды алабыз. Жемиштерден алма, мандарин сөзсүз алынышы абзел. Ошондой эле эт, балык да алабыз. Болжолдуу 10 миң сомдун тегерегинде каражат кетет болуш керек.

Биздин үй-бүлө жашылчаларды жакшы көрөт. Мындан улам витаминдерге бай жашылчалар көп кошулган салаттарды жасайм.

Пиротехникалык каражаттарды 10 жылдын тегереги болуп калды албайбыз", - деди Чоробаева.

"Биз дагы жаңы жылга даярдык көрүүдөбүз. Себеби бул балдардын көптөн күткөн майрамдарынын бири. Үй-бүлөдө алты кишибиз. Мен үй кожойкеси катары жылдагыдай майрамдык дасторкондун камын көрүүдөмүн. Албетте, манты, тоок, балык этин бышырып, салтка айланган оливье салатын жасайм. Мындан тышкары жер-жемиш сатып алуу зарыл. Ал эми пиротехникалык каражаттарды такыр сатып албайбыз. Быйыл кымбатчылык болгондуктан "менюбузду" кыскартууга туура келип турат. Болжолдуу 10 миң сомдон 15 миң сомго чейин сарптайбыз.

Балатыны болсо кооздоп койгонбуз", - дейт 3 баланын мээримдүү апасы Асел Абыкова.

Кара-Көл шаарынын тургуну Айтилек Болотбек кызы майрамды үй-бүлөсү менен тосуп, ага орточо 5-7 миң сомдун айланасында каражат жумшаларын кеп кылды.

"Майрамда конок деле тоспойбуз. Үй-бүлөбүз менен чакан дасторкон даярдайбыз. Балдарым үчүн торт, салаттарды жасайм. Дүкөндөн таттууларды, жемиштерди сатып алабыз. Алманы айылдан ата-энем берип жиберишет. Жалпылап айтканда кеминде 7 миң сомдун тегерегинде акча кетет", - деди ал.

Нарын облусунун тургуну Нурзада Карабагышова үй-бүлөлүк бюджеттен майрамга 15 миң сом бөлүнөрүн билдирди.

"Быйыл дасторкон жасалгалоого 10 миң сом, белектерди алууга 5 миң сом сарптайм деп пландап жатам. Былтыркы жылы майрамда конок тосуп, 8 миң сом керектегем.

Быйыл баары кымбаттап кетпедиби. Дасторконго торт (600-800 сомдун айланасында) таттууларды, мөмө-жемиштерди, салатка керектелүүчү азыктарды (3 жарым 4 миң сомдун тегерегинде) алам. Ошондой эле балдарга шаурма, конферт салатын жасап берем.

Ошентип үй-бүлөлүк бюджеттен 15 миң сомду майрамдык дасторконго бөлүп коёбуз", - деди ал.

Кымбаттуу окурман, Жаңы жылдык дасторконду жасалгалоого канча каражат сарптайсыз? Комментарийге пикириңизди жазып толуктасаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Чынгыз Эргешов
2022-12-23 06:50:00
Биз деле элдер катары шаңдуу тосчубуз, Жаңы Жылды, акыркы 3 4 жылдан бери тоспой калдык, жаңы жыл тосуу бул арам экенин кеч тушунгонумо окуном, ошол майда чуйдого короткон акчанарды балдар үйүнө же колунда жокторго берсенер үзүрүн бул дүйнөдө корбосоң, акыретте көрөсүң, Жаңы жыл арам, арам!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан