Бүгүн, 22-декабрда Айдаркен шаарчасындагы чек арадан мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан жүккө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-декабрда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны башкарган Кыргыз Республикасынын жараны 1978-жылы туулган П.К. Чоң-Гара (РУз) анклавынан Кыргызстанга 2,5 тонна жемиштерди жана жашылчаларды (жүзүм, анар, лимон жана шалкан) коштоочу документтер жок мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн жалпы баасы 250 миң сомду түзгөн. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин унаа жана жүк компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.