ИИМде Пакистан, Кытай жана Индия элчиликтеринин өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Ички иштер министрлигинде Пакистан, Кытай жана Индиянын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башкармалык начальниги Чынгыз Иманалиев жана Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальнигинин орун басары Олжобек Кенешбек уулу, Пакистан элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлүнүн жардамчысы Муштаг Ахмед, Кытай элчилигинин үчүнчү катчысы Фань Цзюньвэй, атташеси Фэн Цяо, Индия элчилигинин консулу Неллаяппан Понаппан катышты.

Анын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарга каршы жана ал жарандар тарабынан жасалган кылмыштарды алдын алуу, эскертүү жана жол бербөө маселелери каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан