Өлкөдө жаштар саясаты тармагында аткарылган иштер боюнча отчёт берилди

Бүгүн, 22-декабрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Жаштар саясаты багыты боюнча 2021-2022 жылдарга карата отчёттук иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, интеллигенция чөйрөсү жана жигердүү жаштар катышты.

Анда министрликтин жаштар саясаты багыты боюнча орун басары Союзбек Надырбеков 2021-2022 жылдарга карата отчётун жана 2023-жылга мерчемделген приоритеттүү багыттар боюнча кенен маалымат берди.

"Өлкөбүздүн басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт. Элдин эртеңи гана эмес бүгүнкүсү дагы жаштар. Жаңы идеялардын, жигердүү толкундардын, дымактуу демилгелердин, оргуган ойлордун очогу болгон жаштар аянтчасы жаңы кадам таштап соңку жылдагы ийгиликтерин бөлүшүү менен келечекке болгон креативдүү көз караштарына карата багытын көрсөтсөк дедик", - деди ал.

Иш-чаранын алкагында жаңыдан иштелип чыккан жаштар порталынын презентациясы, “Келечек” жаштар платформасынын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар, “Жаштардын өнүгүү жана бакубатчылык индекси” улуттук изилдөөсү жана ыктыярчылар тууралуу маалыматтар берилди.

Айтсак, жаштар саясаты-жаштардын өз жөндөмдүүлүгүн ишке ашыруу, анын потенциалын өнүктүрүү үчүн укуктук, экономилык, социалдык, уюштуруучулук жана башка шарттарды түзүүгө арналган мамлекеттин ишинин багытталган системасы.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, калктын жалпы санынын 24 пайызын 14 жаштан 28 жашка чейинки жарандар түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан