Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 605 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" АККсы бүгүн, 22-декабрда жарыялаган маалыматта көрсөтүлөт.
Ал эми суу сактагычка суунун агып кириши секундасына 142 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 758 куб метрге жетүүдө.
Былтыр, 2021-жылы 22-декабрда суу сактагычта 10 миллиард 440 миллион куб метр суу бар болгон.