Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөдө туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин II жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.
Анын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду» ААКсынын ушул жылдын 9 айындагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёту, өлкөдө чет элдик туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу маселеси, ошондой эле Ысык-Көл жана Талас облустарында туристтик долбоорлорду өнүктүрүү багыттары каралды.
Жыйында Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш Ысык-Көл облусунда «Тамга» эл аралык спорт комплексин жана Чүй облусунда «Бирбулак» жаңы тоо-туристтик кластерин куруу долбоорлорун жактырды.
"Жыл бою иштей турган эл аралык деңгээлдеги «Бирбулак» тоо-туристтик эс алуу жайынын долбоору иштелип чыккан. Чүй облусунун Оруу-Сай капчыгайында тоо туризминин кластери курулат. Анда мейманканаларды жана шалелерди куруу, фуникулер жана көтөрүп чыгуучуларды орнотуу, эл аралык деңгээлдеги лыжа базасы үчүн бардык зарыл инфраструктура каралган. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылат.
Байсалов борбордон 20 чакырым алыстыкта жыл бою эс алуу үчүн жаңы жайдын түзүлүшү республикага жүз миңдеген чет элдик лыжа сүйүүчүлөрдү тарта тургандыгын жана бул долбоорду ишке ашыруу артыкчылыктуу экендигин белгиледи.
2023-жылы туризмди өнүктүрүү боюнча дагы бир дымактуу долбоорлордун бири катары Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде Жети-Өгүз районунда эл аралык олимпиадалык даярдоо борборунун курулушу эсептелет.
Ошондой эле Туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду тарабынан Баткен районунун Раззаков шаарында санаторий, балдар лагери, коттедждердин курулушу каралган санаториялык-курорттук кластердин эскиздик долбоору сунушталды.
Ден соолукту чыңдоо туризмин өнүктүрүүгө басым жасалууда. Бул максатта 25 санаториялык-курорттук объектилер белгиленди. Алар мамлекет менен профсоюздардын биргелешкен күч-аракети аркылуу модернизацияланат", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, өлкөнүн ар бир аймагында жети жаңы объектти куруу пландаштырылууда.