Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчысы сапардын алкагында КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

"Ал иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин катышуусу күтүлүүдө", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kg-04
2022-12-23 20:26:00
Путин чакырган го серый кардиналдарды
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан