Кыргызстанда жугуштуу оорулардын саны кескин өсүп жаткандыгына байланыштуу "118 ыкчам байланыш" кызматы иштеп жатат. Бул тууралуу шаардык мэрия тарабынан маалым болду.
Анда айтылгандай, бүгүнкү күндө "118 ыкчам байланыш" Бишкектеги 4 колл-борбордо күн сайын саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштеп жатат.
"118 ишеним телефону Бишкектин ооруканаларынын ишин жеңилдетти. Статистикалык маалыматтарга ылайык, ооруканага кайрылгандардын 10 пайызы гана ооруканага жаткырылат. Көпчүлүгү ооруканада 1-2 күн гана жатып, андан кийин чыгарылат. Ишеним телефонуна чалып, бейтап үйдө калып, амбулатордук жардам ала алат", - дешти мэриядан.
Күнүнө "118" линиясына 40-60ка чейин чалуулар келип түшөт.
Бишкектиктер төмөнкү жардамды алуу үчүн ишеним телефонуна кайрылса болот:
* Жугуштуу оорулар, КРВИ, Covid-19 жана башка оорулар боюнча алгачкы медициналык консультация;
* Бейтаптын абалына онлайн режиминде тез клиникалык баа берүү жана зарыл болгон учурда жетекчилик берүү;
* Үй-бүлөлүк дарыгерлер жана алардын иш тартиби боюнча маалыматтарды берет.