"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабызда "кара жаак", "кошоматка кой союу", "эки көзү төрт болуу", "жумурткадан кыр издөө" жана "кылдан кыя бастырбоо" фразеологизмдеринин маанилерин чечмелейбиз.
Кара жаак - биринчи мааниси чечен, сөзмөр деген мааниде колдонулат. Мисалы, Чүйдөгү кара жаак Калмурза, ал шордуу кошоматчылыгынан тапты (Бейшеналиев).
Экинчи мааниси - тилдүү, шакылдаган, сүйлөөк, тажаал. Мисалы, Тил-ооздуу какшанган бир кара жаакка жолуксам кантет элем? (Саатов).
Кошоматка кой союу - бирөөнүн алды-үстүнө түшүп жасакерленүү, жагынууга аракеттенүү. Мисалы, Эсир артынан түшкөндөргө мамиле менен жагып, марттык менен таанышып, кошоматка кой союп кутулуп жүрдү (Осмоналиев).
Эки көзү төрт болуу - бир нерсени абдан самоо, эңсөө же бирөөнү чыдамсыздык менен зарыга күтүү, ак эткенден так этүү. Мисалы, Өмүр бою элге аралашсам дегенде эки көзүм төрт болуп бүткөн (Медетов).
Жумурткадан кыр издөө - жөнү жок жерден кемчилик таап, өөн таап, куру бекер кыйкымдай берүү. Мисалы, Жумурткадан кыр чыгарып, бир сөздөн миң деген сөзду ырбатуучулар четтен чыгат го (Байтемиров).
Кылдан кыя бастырбоо - жөнү жок жерден күнөө коюу, кылт эттирбей күнөөлөй берүү, эч мүмкүнчүлүк бербөө. Мисалы, Кылдан кыя бастырбай күнүгө уруша берип жадатып жиберди («Ала-Тоо»).