Казакстанда өткөн эл аралык айтышта төкмө акын Мамбеттокто Мамбеторозо уулу баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу Кыргыз улуттук "Манас" театрынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Белгилүү болгондой, "Айтыштын Айтакыны" эл аралык акындар айтышы Казакстан Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айтакын Булгаковдун маареке тоюна арналып өткөрүлгөн.
Мындан тышкары аталган айтышта төкмө акын Изат Айдаркулова III орунга татыктуу болду.
"Айтыштын Айтакыны" эл аралык акындар таймашына кыргыз-казак элинен жалпы 10 акын ат салышкан.