УКМК тарабынан Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылынын айрым тургундарына түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.
Буга тургундардын УКМКнын жетекчилигине кайрылуусу себеп болгон. Анда алар башка аймактардан көчүп келген жашоочулардан жергиликтүү тургундар тарабынан мыйзамсыз акча чогултуу фактылары болуп жаткандыгын айтышкан.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында чынында эле аталган айылдын айрым активисттери трансформаторду оңдоо шылтоосу менен башка аймактардан көчүп келген тургундардан акча чогултууга аракет кылгандыгы аныкталган. Ошону менен бирге Шалта айылынын айрым тургундары менен тиешелүү түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары жыйынтыгында алар мыйзамсыз аракеттерин мындан ары токтотууга милдеттендирилди", - деп жазылат маалыматта.
УКМК мыйзамга ылайык, ар бир адам өлкө аймагында эркин жүрүүгө, баруучу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу экенин эске салат.
Аталган мыйзамсыз иш-аракеттер тууралуу маалымат түшкөн учурда УКМКнын 0312 660475 телефон номерине кайрылса болот.