Эсиңизде болсо, Баткенде сентябрдагы чек ара коогалаңында эвакуация болгон жарандарга көмөк көрсөтүп, бир колуна "үй бар" деген жазууну, экинчи колуна баласын көтөрүп алган жарандын сүрөтү социалдык тармакта тарап, элдин алкышына алынган.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев калктын алкоосуна арзыган Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын тургуну Келдибек Матисаевге ыраазычылыгын билдирди.
"Облус башчысы Абдикарим Алимбаев өз кезегинде Келдибек Матисаевге кыйын кырдаалда жабыркаган үй-бүлөлөргө патриоттук сезимде кол сунуп, өлкөнүн бүтүндүгү, элибиздин келечеги үчүн кошкон салымы жана өз учурунда материалдык, моралдык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди", - дешти өкүлчүлүктөн.