"Алган акчама ата-энеме белек алам". Президенттик стипендияга ээ болгон студенттер менен маек

Ушул жылдын 16-декабрында өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 70 мыкты студенти президенттик стипендияга ээ болушту. Өлкө башчы Садыр Жапаров студенттерге ак жол, тынчтык, ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалап, 60 миң сом өлчөмүндөгү стипендияны тапшырган.

SUPER.KG порталы аталган стипендияга ээ болгон студенттердин бири Бермет Акматованы сыйлыгы менен куттуктап, ийгилиги тууралуу баарлашты.

- Бермет, сыйлык кут болсун! Алгач эле өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз.

- Мен Акматова Бермет Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Биймырза айылынан болом. 1999-жылы 29-декабрда төрөлгөм. Ош шаарынын №14 К.Алтыбаев мектебинде окуп, 2018-жылы аяктагам. Азыркы учурда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин экономика жана башкаруу факультетинин экономика бөлүмүнүн 4-курсунун студентимин. Быйыл бүтүрүүчү курсмун.

Мен кичинемден эле экономист болгум келчү, ошондуктан бул факультетти тандагам. Келечекте кесибимдин мыкты адиси болуп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымымды кошкум келет.

- Стипендияга ээ болуу үчүн кандай талаптардын негизинде тандалып алындыңыз?

- Президенттик стипендияга ээ болуу үчүн студент окутуунун бардык мезгилинде “5” деген баага окуусу керек. Мындан тышкары илимий-чыгармачыл, коомдук иштерде активдүү катышуусу зарыл. Эл аралык жана республикалык олимпиадаларда, конкурстарда, илимий конференциядарда, семинарларда, мелдештерде жана башка иш-чараларда жеңүүчү же байге ээси болгондугун тастыктаган диплом, грамота, сертификаттардын болуусу талап кылынат. Ошондой эле илимий эл аралык, республикалык же ведомстволук басылмада жарыяланган илимий макалалардын да бар болуусу президенттик стипендияны алууда чоң мааниге ээ.

- Президенттин стипендиясына баары эле татый бербесе керек. Сезимдериңиз менен бөлүшсөңүз.

- Бул стипендияны алуу менин 1-курстан берки эң чоң максаттарымдын бири болчу. Бул үчүн талыкпай эмгектенип, окуумда да жакшы окуп, эл аралык жана республикалык олимпиадаларда, илимий конференцияларда макала жана докладдарымды жактап, коомдук иштерде да активдүү катышып жүрдүм.

Стипендияны президентибиз Садыр Нургожоевичтин өз колунан алуу мен үчүн аябай чоң сыймык. Сыйлык тапшырып жатып “Азаматсың кызым, куттуктаймын” деп айтканына аябай кубандым.

Бул жогорку даражадагы сыйлыкты алганда ата-энемдин жана туугандарымдын толкунданып, кубанганын көргөн мен үчүн сыймык болду. Аталган стипендияга татыктуу болуу – бул чоң бакыт жана ал дагы да алдыга умтулууга, мыкты окууга шыктандырат.

- Бул стипендияны алууну каалаган студенттерге кандай кеңеш бересиз?

- Студенттерге кеңешим "ар дайым билим алгыла" демекчимин. Анткени жашоодо эң күчтүү курал - бул билим. Ар дайым алдыга умтулгула, өзүңөрдү ар тараптан өнүктүргүлө, тил үйрөнгүлө, көп китеп окугула жана ар дайым алдыга бир максат коюп, ага жетүүгө аракет кылгыла.

- Мындан тышкары дагы кандай жетишкендиктерге ээ болдуңуз?

- 2022-жылы май айында "Акча, кредит, банктар" дисциплинасы боюнча уюштурулган Эл аралык олимпиадада 3-орунду, студенттердин экономика боюнча ЖОЖдор аралык олимпиадасында 2-орунду ээледим. Мындан тышкары, Эл аралык илимий-практикалык студенттик конференциядагы эң мыкты докладым үчүн 1-орун, XII Эл аралык илимий-практикалык студенттик конференциясында 2-орун, республикалык илимий-практикалык студенттик конференцияда 2-орунга татып диплом менен сыйландым. Он чакты илимий-практикалык конференцияларга катышкандыгым тууралуу грамота жана сертификаттарым, андан тышкары башка иш-чараларга катышкандыгым тууралуу 8-10 сертификаттарым бар.

Ошондой эле илимий баяндамалар жыйнагында жарыяланган 2 илимий макалам бар, анын бирөөсү Түркия мамлекетинин жыйнагы.

- Алган стипендияны эмнеге жумшасам деп пландап жатасыз?

- Европа өлкөлөрүндө окуумду улантып, магистратурага тапшырсам деген ойлорум бар. Бардык күчүмдү, убактымды ошол жакка жумшайм.

- Өлкөбүздүн учурдагы билим берүү абалына көз карашыңыз кандай?

- Өлкөбүздүн учурдагы билим берүү абалы жаман эмес, бирок өнүктүрүү, билим берүү сапатын жакшыртуу зарыл. Анткени коомдун келечегин курууда бекем пайдубал түптөө жана бакубат экономикалык өнүгүүгө жетишүү үчүн келечек муундарга татыктуу билим жана тарбия берүү башкы маселелерден болуп саналат.

Илимдин өнүгүү деңгээли коомдун өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири катары кызмат кыла ала тургандыгы, ошондой эле мамлекеттин экономикалык, маданий, цивилизациялуу, билимдүү, заманбап өнүгүүсүнүн көрсөткүчү экендиги талашсыз.

- Келечекке койгон максаттарыңыз тууралуу кеп салсаңыз.

- Мен келечекте өлкөмдүн өнүгүүсү үчүн өз салымымды кошкум келет. Ал үчүн Европада магистратура окуп келип, алган билимимди жана тажрыйбамды Кыргызстандын өнүгүү жолунда колдонууну каалайм. Айрыкча региондордун өнүгүүсү эң чоң мааниге ээ деп эсептейм. Ошол максатта региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматта жумуш аркалагым келет.

Аталган сыйлыкка татыктуу деп табылгандардын бири Нурхан Тойчубеков стипендия алууда коомдук иштерге катышуу жана көп тил билүү маанилүү деп эсептейт. Ал өлкө башчыдан мындай сыйлык алуу чоң сыймык экенин белгиледи.

Мен Нурхан Тойчубеков, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин экономика жана башкаруу факультетинин экономика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти болом. Ар жылы октябрь айында стипедияга тапшыруу убактысы ачылат. Алгач университеттин студенттик бөлүмүнө керектүү документтерди тапшырдык. Албетте, бардык каалоочу студент тапшырса болот. Кийин биздин арыздар ректоратка жөнөтүлүп, ал жактан стипендия алууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк деп табылган студенттер Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлөт.
Президенттик стипендия алуу үчүн көптөгөн экономикалык олимпиадаларга катыштым, изилдөөчүлүк макалаларды жаздым, илимий конференцияларда жеңүүчү болдум. Ошол эле учурда университетибиздин коомдук иш-чараларына ар дайым активдүү катыштым. Белгилей кетүүчү нерсе, стипендия алууда тил билүү да чоң ролду ойнойт. Мен кыргыз, орус, түрк, немис жана англис тилдеринде эркин сүйлөй алам.

Ошондой эле ал жетишкендиктерге жетүү үчүн алектенген жумушка кызыгуу керектигин кошумчалады.

"Мен президенттин стипендиясына татыймбы?" деген сыяктуу суроолорду өзүмө көп бердим. Себеби университетимде бардык студенттер таланттуу жана көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Алардын ичинен тандалып алынарыма толук көзүм жеткен эмес. Мага чалып жагымдуу кабар айтканда кубанычым койнума батпай аябай сүйүндүм. Президенттин өзүнөн сыйлык алуу мен үчүн чоң сыймык болду. Студенттерге кеңешим - дисциплина аябай маанилүү, ошондой эле ката кетирүүдөн коркпоо керек. Себеби мурун конференцияларга катышып жатканда жеңүү өтө кыйын болгон. Бардык нерсе тажрыйба менен келет. Алектенген иш же тема сени кызыктырса, анда ийгиликке сөзсүз жетесиң.

Нурхан буга чейин эл аралык, университеттер аралык таймаштарга катышып алдыңкы орундарга ээ болуп келген.

Мен жайкы стажировканы Түркия мамлекетинде өтүп келдим. Албетте, тандоо конкурстук негизде болгондуктан ал жакта да жеңүүчү болдук десем жаңылышпайм. Университеттер аралык экономика дисциплинасы боюнча олимпиадада 1-даражага татыктуу болгом. Кыргызстандагы бардык ЖОЖдордон биринчиликти алуу өтө шыктандырат. Ошондой эле эл аралык студенттер арасында илимий конференцияларда 1-2-даражадагы дипломдорго татыктуу болгом. К.Карасаев атындагы БМУда өткөн жогорку окуу жайлар арасында илимий практикалык студенттик конференциясынын пленардык бөлүгүндө “Мигранттардын акча которууларынын ИДПга болгон таасири” деген темада катышып, 1-даражадагы дипломго ээ болгом. Албетте, айта берсе абдан көп.

Ошондой эле ал алган стипендиясына ата-энесине жана инисине белек алып кубантарын айтып өттү.

Жылда 50 миң сом өлчөмүндө стипендия ыйгарылчу, бул жылы 60 миң сом берилди. Сыйлыгымды жаңы-жылга карата ата-энеме, иниме белек алууну пландап жатам. Ошондой эле кичинекей жээниме оюнчук пианино белек кылсамбы деп жатам. Өзүмө белек катары сууда сүзүүгө бир жылдык абонемент алууну туура көрдүм.

Ал жетишкен ийгиликтерин өзү окуган окуу жайы менен байланыштырат. Келечекте чет өлкөдөн билим алып, тажрыйба топтоп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошсом деген изги тилектери бар.

Ийгиликтерим көбүнесе университетиме байланыштуу. Башка жогорку окуу жайлардын билим деңгээли боюнча толук маалыматым жок. А бизде билим берүү дэңгээли жогору десем жаңылышпайм. Мугалимдер чет өлкөдө билим алып келген тажрыйбалуу адистер. Биздин университет дүйнөлүк жогорку окуу жайлар арасында QS рейтинги боюнча 801-орунду ээледи. Университетибиз учурда мыкты билим алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө. Мен "Манас" университетинин студенти болгонум үчүн сыймыктанам.
Учурда магистратура программаларына тапшырууну пландап жатам. Германия, Венгрия жана Түркия мамлекеттерине тапшырып көрүүнү чечтим. Албетте, чет өлкөдөн тажрыйба алып келген соң өз өлкөмө кызмат өтөйм. Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз салымымды кошом.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан