Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда Тажикстандын кол салуусунан улам жабыркаган Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анда өлкө башчы турак-жайлардын курулушунун жүрүшү менен таанышып, учурда Ак-Сай айылында 51 турак-жайда курулуш иштери жүрүп жаткандыгы боюнча маалымат алды.
"Бардык үйлөрдүн пайдубалын түптөө иштери бүткөрүлүп, 17 үйдүн дубалы, 5 үйдүн чатырын жабуу аяктады. 14 үйдө дубалдарын, ички оңдоп-түзөөнү бүткөрүү иштери жүрүп жатат.
Мындан сырткары 26 үйдүн плиталары орнотулууда. Бүткөндөн кийин бардык объектилер тийиштүү инфраструктура менен камсыздалат, анын ичинде таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу жана жолдорго асфальт төшөлөт.
Ошондой эле турак-жайларды кароо учурунда Садыр Жапаров каргашалуу окуянын кесепетинен уулунан ажыраган жергиликтүү тургундардын биринин жаңы курулуп жаткан үйүнө кирип, курулушунун сапатын жана жашоо үчүн бардык зарыл болгон бардык шарттар бар экендигин көрдү. Ал жерде маркумдун жакындарына көңүл айтып, куран окуду", - деп айтылат маалыматта.