Садыр Жапаров Баткенде айыл тургундарынын көйгөйүн укту

24-декабрда президент Садыр Жапаров Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен районунун Миң-Өрүк жана Достук айылдарына барды. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Анда мамлекет башчысы аталган чек арадагы айылдарда үйлөрдү куруу жана калыбына келтирүү иштери менен таанышты.

"Курулуштун жүрүшү менен таанышкан мамлекет башчысы жергиликтүү тургундардын талкаланган турак-жайларын калыбына келтирүү иштерин тездетүүнү тапшырып, курулуш иштерин бардык нормаларды жана тиешелүү стандарттарды сактоо менен жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Андан соң өлкө башчысы эки айылдын тургундары менен жолугушту. Алар насыя алуу, атап айтканда пайызсыз насыя алууга мүмкүнчүлүк берүү, ирригациялык тармактарды өнүктүрүү, социалдык жеңилдиктер, ички жолдорду куруу жана социалдык объектилерди, айрыкча мектептерди куруу боюнча көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Садыр Жапаров мамлекеттин негизги максаттарынын бири - карапайым элдин турмушун жакшыртуу экенин баса белгиледи. Бул үчүн зарыл болгон шарттардын бардыгы этап менен ишке ашат", - деп жазылган маалыматта.

Маалымат үчүн: Азыркы учурда Миң-Өрүк айылында 37 турак-жайда курулуш иштери жүрүп, анын 16сында үйдүн ички оңдоо-түзөөнү бүтүрүү иштери жүрүп, 10 үйдүн чатыры жабылды.

Достук айылында бардык 59 үйдүн пайдубалын түптөө аяктады, 4 үйдүн дубалы курулду, 36сында плиталары орнотулууда. 14 үйдүн чатырын жабуу иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан