Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Сокулук районунун Новопавловка айылынын тургуну кайрылды. Окурман 4 баласына жөлөк пул ала албай жатканына даттанды.
"Учурда 4 балама жөлөк пул берилбей жатат. Былтыр социалдык башкармалыкка барганымда беребиз дешкен. Бирок документтерден көйгөй чыгып, тапшыра албай калгам. 2-3 күн мурун кайра барганбыз "ушул дарекке барсаңыз күйөөңүзгө иш таап берет" деп коюшту". 4 баланын жөлөк пулу бир топ акча болот. Балдардын керектөөлөрүнө жарамак эле", - деди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.