Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кичи-Өрүктү айылында таза суу көйгөйү көп жылдардан бери чечилбей келет. Бул тууралуу окурман ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылганда билдирди.
Анын айтымында, элет эли арыктан суу ичип, күн көрүп келишет.
"Биздин айылда көп жылдан бери таза суу көйгөйү чечилбей келет. Мал ичкен арыктан суу ичебиз. Сууну эртең менен эрте албаса, мал булгап коёт.
Айыл өкмөт башчыбыз иштебегендиктен канча жылдан бери бул көйгөйдү чечип бере албай келет.
Урматтуу Садыр Жапаров, калктын саламаттыгы үчүн айылдагы таза суу көйгөйүн чечип берүүңүздү суранабыз", - дейт тургун.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.