Жаңы жылдан баштап өлкөдө ун кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда ун кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын маалыматында айтылат.

Кабарлангандай, жаңы жылдан баштап буудайдын баасы 12 пайыз, ун 14-15 пайызга кымбатташы мүмкүн.

Мекемеден мунун себеби Министрлер кабинетинин күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын аныктаган токтомунун мөөнөтүнүн аяктап жатканы менен байланыштуу экенин билдиришти.

Ошол эле учурда дагы бир себеп катары бүгүнкү күндө ун комбинаттарында дандын жана ундун запасы аз экени айтылды. Ал эми таңкыстыкка Казакстан аркылуу эгин ташуудагы көйгөйлөр жана Орусияда дан ташып келгендердин жоктугу себеп болууда.

Буга байланыштуу эми импорттолгон азык-түлүктөрдөн 12 пайыз киреше салыгы алына баштай турганы күтүлүүдө.

Баанын кымбатташы май, кумшекер сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөргө да тиешелүү болору айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан