Өлкөдө төрт күн ичинде 258 мас айдоочу аныкталды

Өлкө аймагында төрт күн ичинде 258 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Билдирмеде жазылгандай, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында “Бахус” аталышында рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Анын негизинде 20-декабрдан 24-декабрга чейин 258 мас айдоочу аныкталып, баарына тиешелүү чаралар көрүлгөн. Мындай рейддик иш-чаралар 8-январга чейин уланат.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан