Орусиялык миллиардер Индияда табышмактуу түрдө каза болду

Орусиянын эң бай мамлекеттик кызматчыларынын тизмесинде турган депутат жана ишкер Павел Антов Индияда 65 жашында каза болду. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Андагы маалыматта, 25-декабрда орусиялык жаран төрт кишиден турган туристтик топ менен эс алып жүргөн Одиша штатындагы мейманкананын терезесинен кулап кеткен. Эң кызыгы Антовдун өлүмүнөн эки күн мурун анын жанындагылардын биринин өлүгү ошол эле мейманканадан табылган.

Полиция Павел Антов досунун өлүмүнөн улам депрессияга түшкөндүктөн, өз жанын кыйды деп божомолдоп жатат, бирок тергөө башка версияларды дагы карайт.

Павел Антов ири эт жана колбаса азыктарын өндүрүүчү “Владимир Стандарт” ишканасынын негиздөөчүсү. 2019-жылы ал Орусиядагы эң бай депутаттардын жана мамлекеттик кызматкерлердин тизмесинин башында турган. Ошол кезде Forbes анын байлыгын 9 миллиард 900 миллион рубль деп баалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан