Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын башчылары жолугушту

Кечээ, 26-декабрда Лейлек районунун Борбордук айылында Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жетекчилиги менен күч структураларынын жетекчилери Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери, Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен район акимдеринин катышуусунда эки тараптуу жолугушуу өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууга ошондой эле УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Раджабали Рахмонали да катышты.

Эки тараптуу жолугушууда чек арага жакын жерлерде мыйзамсыз инженердик иштерди жүргүзбөө, эки тараптын күч структуралары биргеликте иш алып баруу ошондой эле чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо маселелери каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан