КМШ өлкөлөрүнүн алдында турган чакырыктардын саны жана коопсуздукка коркунучтар да көбөйүп, шериктештиктин алкагында пикир келишпестиктер жаралууда. Мындай пикирин Орусиянын президенти Владимир Путин КМШнын Санкт-Петербургдагы бейформал саммитинде айтты.
"Тилекке каршы, бул жаатта биринчи кезекте сырттан келген чакырыктар жана коркунучтар жыл сайын өсүүдө. Шериктештикке кирген мамлекеттердин ортосунда да пикир келишпестиктер жаралып жатканын моюнга алышыбыз керек", - деди Путин.
Путин ошондой эле быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча Орусиянын КМШ өлкөлөрү менен соодасы 100 миллиард долларга жетиши мүмкүн экенин белгиледи.
Ал КМШ мамлекеттеринин башчыларына Санкт-Петербургга бейформал жолугушууга келгени үчүн ыраазычылык билдирди. "Бул жалпы каалоо болчу, биз бул боюнча бир нече жолу кайрылдык. Бирок баары бир формалдуу түрдө бул Орусиянын демилгеси болчу жана аны колдогонуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем", - деп кошумчалады ал.
Путиндин бул пикирин Беларусь президенти Александр Лукащенко дагы кубаттады.