Сербиядагы Яринье чек ара бекетине жакын жердеги Казмович айылында Сербиянын атайын күчтөрү, көп ракеталык комплекстери жана серб армиясынын аскер кызматкерлери жайгашууда. Бул тууралуу RINA агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Сербия Косово менен болгон чек арасына 41 чакырымды бутага ала турган "Огань" ракеталык комплекстерин жайгаштырууда. Ошондой эле ар 3 метр сайын бирден аскер кызматкерлери жайгашып жатат.
Өз кезегинде Сербиянын президенти Александр Вучич армиянын башкы командачысы генерал Милан Мойсиловичке аймактагы чыңалуудан улам Косово менен чек арага барууну тапшырды.
Буга чейин Сербиянын Ички иштер министрлиги толук аскердик даярдыкка келтирилгени маалымдалган. Эми министрлик түз эле Башкы штабга баш ийет. Мындай тирешүү 1999-жылдан бери байкала элек.