Кечээ, 26-декабрда президент Садыр Жапаров Санкт-Петербургда КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, мамлекет башчылары Б.Ельцин атындагы президенттик китепканада өз ара саламдашуудан жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин, өлкө лидерлери бейформал жолугушуу залына өтүштү.
Орусиянын президенти Владимир Путин саламдашуу сөзүндө өлкө башчылары чакырууну кабыл алып, Санкт-Петербургга жаңы жыл алдындагы салттуу расмий эмес жолугушууга келгени үчүн баарына ыраазычылык билдирди.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылы төрагалык кылган мезгилде шериктештиктин потенциалын чыңдоо боюнча конкреттүү чаралар боюнча анализ жасады. Ал ошондой эле Кыргызстан КМШга төрагалык кыла турган келерки жылда президент Садыр Жапаровго чоң ийгиликтерди каалады.
Иш-чарага Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев катышты.