Бишкек шаарында электр энергиясына карызы бар 6 200дөн ашык абоненттин электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкек электр тармактар" ишканасынан маалымдашты.
Билдирмеге ылайык, карызы бар абоненттердин электр жарыгы эртең, 28-декабрдан баштап өчүрүлө баштайт.
Мекеме ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.
Айта кетсек, абоненттер өз эсебин 1209, 0772/0702/0556 00 12 09 номурундагы күнү-түнү иштеген чалуу-борборуна чалып, же болбосо 0556 001209 номурундагы WhatsApp тиркемесине жазып биле алышат.