Парламенттин төрагасы Соода-өнөр жай палатасынын президентин кабыл алды

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңы шайланган президенти Темир Сариевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирет.

Жолугушууда төрага улуттук экономикабыздын өнүгүшүндө Соода-ѳнѳр жай палатасынын мааниси чоң экенин белгиледи.

“Андыктан тажрыйбалуу ишмер катары ѳнѳр-жай тармагын алдыга жылдыруу, ишкерлерди колдоо жана эл аралык соода байланыштарын кеңейтүү жаатында жигердүү эмгектенесиз деген ишеничтемин. Сиздин буга чейинки баскан жолуңуз жана тармактагы ийгиликтериңиз коюлган милдеттерди толук аткарууңузга өбөлгө түзөрү анык”, - деди төрага.

Муну менен катар жаңы жетекчиден жаңы жетишкендиктерди күтөрүн айтып, заманбап көз карашта мекемеде жигердүү иш алып барыла турганынан үмүт артты.

Өз кезегинде Темир Сариев жылуу кабыл алып, сунуш-пикирлери менен бөлүшкөндүгү үчүн төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, Соода-ѳнѳр жай палатасынын миссияларына учкай токтолду.

“Биринчиден аталган палата ишкерлердин башын бириктирген аянтча. Экинчи башкы максатыбыз бизнести колдоо болсо, үчүнчү миссиябыз мамлекеттик мекемелер менен тыгыз иш алып баруу. Айрыкча кабыл алынып жаткан мыйзам актыларына, тийиштүү чечимдерге карата бизнес коомчулуктун катышуусун камсыздоо алкагында Жогорку Кеңеш менен кызматташуу артыкчылыкка ээ”, – деди Сариев.

Мындан тышкары жолугушууда жаңы жетекчи катары жасай турган иштери тууралуу маалымат берип, пландары менен бөлүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан