Мал уурдагандарды 10 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев көтөрүп чыкты.
Эл өкүлү Кылмыш-жаза кодексинин 2017-2021-жылдагы редакцияларында "Мал уурдоо" беренеси жок экенин белгилеп, муну оңдоо керектигин айтууда.
Буга байланыштуу тиешелүү кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү коомдук талкууга чыгарылды.
Сунушталган мыйзам долбоорунда мал уурулукка баргандарга 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салуу же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү иштерин жүргүзүү каралган.
Мал уурулук ири өлчөмдө жана адамдардын тобу тарабынан, башка бирөөнүн аймагына кирүү менен жасалса, 200-400 миң сомго чейин айып салып, беш жылдан сегиз жылга чейин эркиндиктен ажыратуу сунушталууда.
Бул ишке уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катышса, анда мүлкүн конфискациялоо менен алты жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралууда.
Аз өлчөмдө зыян келтиргендерге 200 миң сом өлчөмүндө айып салуу каралган.