Камчыбек Ташиев реабилитациялык борбордогу балдарга белек тапшырды (фото)

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев "Бирге ден соолук" коомдук фондунун алдындагы "Нур+" реабилитациялык борборундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды куттуктады.

УКМКнын маалымат кызматы кабарлагандай, бүгүн, 27-декабрда Ташиев реабилитациялык борбордун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды куттуктады.

"Салтанаттуу иш-чарада УКМК башчысы аталган мекеменин жалпы кызматкерлерин жана балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, бардыгына чың ден соолук каалады. Андан соң УКМК жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан борбордун материалдык базасын жакшыртууга 500 миң акча каражатын, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга таттууларды, оюнчуктарды тапшырды", - деп билдиришти УКМКдан.

Өз кезегинде реабилитациялык борбордун жетекчилиги УКМКнын жетекчисине жана кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, алардын аркасы менен 2021-жылы имараттарды ижарага алууга 1 миллион сом, 2022-жылы 500 миң сом берилгендигин айтты.

Жыйындын аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан