Ак-Сай айылынын башчысы: "Февраль айына үйлөрдү толугу менен бүтүрүү үчүн курулуш кызуу жүрүп жатат"

Баткендин чек арадагы Ак-Сай айылында курулуп жаткан үйлөрдү толугу менен февраль айына бүткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ак-Сай айылынын айыл башчысы Эркин Жолчуев билдирди.

"Жакында эле 10 үйдүн курулушу бүтүп, президентибиз келип, пайдаланууга берип кетти. Учурда 5 үй-бүлө келип жашап жатышат. Айылдагы мектеп, бала бакча да өрттөнгөндүктөн, үйү бүткөн жарандар кайра кайтып келбей турушат. Биздин айылдын тургундарынын басымдуу бөлүгү Ош жана Бишкек шаарынын аймагында туугандарынын, тааныштарынын үйүндө, айрымдары ижарада жашап жатышат. Учурда айылыбызда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Жалпы 180 турак жайда курулуш жүрүүдө. Анын баары февраль айында бүтүп, тургундар жаңы үйлөрүнө кирет деген жакшы ниетте турабыз", - дейт айыл башчы.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 14-16-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Ак-Сай айылы дээрлик толугу менен зыян тарткан. Жеке турак үйлөр, социалдык объектилер өрттөлгөн.

Тажикстандын агрессиясынын кесепетинен 63 Кыргыз жараны шейит кетип, 200гө жакыны жарадар болгон. Мындан сырткары 200 миңге жакын жашоочулар коопсуз жайга эвакуцияланууга аргасыз болушкан.

Буга чейин президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткенде жарактан чыккан бардык үйлөр кыш мезгилине чейин бүтүп, пайдаланууга бериле турганын убада кылышкан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан