Кара деңизде Түркиянын Фатих кемеси 58 миллиард куб метрлик жаңы газ кенин тапты. Бул тууралуу президент Режеп Тайып Эрдоган өкмөт жыйынында билдиргенин Anadolu агенттиги жазды.
Анын айтымында, муну менен Түркиянын Кара деңиздеги жаратылыш газынын кору акыркы мезгилде 170 миллиард куб метрге көбөйгөн.
"Фатих бургулоочу кемебиз 3023 метр тереңдикте Чайжума-1 скважинасын бургулоодо суу астынан 58 миллиард куб метр жаратылыш газын тапты", - деген Эрдоган.
Табылган газ кенинин баасы 1 миллиард доллардан ашат. Анкара газ өндүрүүнү 2023-жылы эле баштоону пландоодо.
Учурда Түркия газ импортуна көз каранды. 2021-жылы өлкөнүн газынын 45 пайызга жакыны Орусиядан келген, ал эми Анкара калганын Иран жана Азербайжандан сатып алган.