"Үмүт-Надежда" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүндө балаты майрамы өттү

"Үмүт-Надежда" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүндө балаты майрамы өттү. Майрамдык салтанатка аталган мекеменин тарбиялануучулары жана Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев катышты.

Иш-чаранын алкагында балдар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Мындан сырткары эл өкүлү тарабынан даярдалган белектер берилди.

"Балдарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, белектерди тапшырдык. Кудайым берген сыноого сынбай, бекем ден соолукта болуп, балдар бактылуу өмүр сүрүшсүн. Жүздөрүнөн эч качан жылмаюу кетпесин!" - деп жазды депутат Фейсбуктагы баракчасына.

"Үмүт-Надежда" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүндө 40 бала тарбияланат. Мында аларга күнү-түнү кам көрүлөт.

Мекеме 26 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан