Түркиянын чок ортосунда жайгашкан эң байыркы Конья шаарында өлкөдө жалгыз жана Европадагы эң чоң тропикалык көпөлөк бакчасы бар.
Оригиналдуу архитектуралык долбоордогу көпөлөк сымал заманбап имарат 2015-жылы бүткөрүлүп, анын курулушуна 600 тоннадан ашык темир жана ар кандай формадагы 1500 айнек алынган. Көпөлөк бакчасына барган коноктор бул укмуштуудай жандыктар өздөрүнүн табигый чөйрөсүндө өзүн кандай алып жүрөрүн көрө алышат.
Жандуу күнөскананын ар бир чарчы сантиметри жаратылышка эң сонун шайкеш келет. Климатты көзөмөлдөөнүн заманбап технологиялары жаратылышка жылдын мезгилине карабастан гүлдөп-өсүүгө мүмкүндүк берет.
Бул укмуштуудай жер дүйнөнүн ар тарабынан келген 10 миңден ашык көпөлөктөрдүн туруктуу үйү болуп калды. Бул тропикалык аймакта көпөлөктүн 45тен ашык түрү бар. Алардын ичинен эң азы 15 күн жашаса, эң көбү 110 күн жашаган.
Укмуштуудай бакчага дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан миңдеген туристтер келет жана профессионал гиддер көпөлөктөр тууралуу кенен айтып беришет. Бул көпөлөк бакчасына көпөлөктүн түрлөрүн көрүү үчүн жылына жарым миллиондон ашык турист келет. Ошондой эле бул укмуштуудай жер кышы-жайы дебей бир температурада сакталып турат.
Бул жерде сүйүү жана бейпилдик атмосферасы өкүм сүрүп, бул жомоктогудай жандыктар менен тыгыз баарлашуудан унутулгус таасирлер түбөлүккө жүрөгүңдө сакталат.