Орозайым Нарматова сот залында эс-учун жоготту (видео)

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда экс-депутат Орозайым Нарматованын баш коргоо чарасы каралып жатат.

Анда сот отурумунда отурган Нарматова эсин жоготуп, жыгылды. Аны конвойлор залдан көтөрүп чыгып кетти.

Ал эми залда отургандар Нарматованы бошотууну талап кылышты.

Шаардык соттон Нарматованын ден соолугуна байланыштуу анын баш коргоо чарасын кароо эртең, 28-декабрга жылдырылганын маалымдашты.

Эске салсак, 29-октябрда Нарматова Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 20-декабрга чейин камакка алынган болчу.

23-октябрда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери массалык баш аламандыкка даярданган деген айып менен 20дай адамды кармашкан. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.

Видео: 24.kg
Орозайым Нарматова
Орозайым Нарматова
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuban-1207
2022-12-27 16:40:00
Жөөт
0
XATSAN125
2022-12-27 19:26:00
Олумуш
0
Taalaibek.
2022-12-27 20:26:00
Бул кызды мындай болот деп ойлогон эмесмин.
0
orun
2022-12-27 23:16:00
Куу түлкү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан