"Дааватка кетем", "АКШдан тосом", "Айылга кетем". Депутаттар Жаңы жылды кайдан тосот? (видео)

Саналуу күндөрдөн кийин Жаңы 2023-жыл босогону аттайт. Коомчулук бул майрамды эл өкүлдөрү кайда, эмне кылып, ким менен тосоруна кызыгат. Бул бул суроолор менен эл өкүлдөрүнө кайрылып көрдүк.

Депутат Арсланбек Малиев: "Кыз менен уулум Америкада окуп жатышат. Ошол жакка биз барып чогуу тособуз".

Депутат Өмүрбек Бакиров: "Жаңы жылды үй-бүлөбүз менен тоспойбуз, кадимкидей эле күн катары өткөрөбүз. Мусулмандар Жаңы жыл тоспойт".

Депутат Нуржигит Кадырбеков: "Эч жакка деле барбайбыз, үй-бүлөбүз менен эле болобуз. Лыжа тебүү үчүн тоого барабыз, үй-бүлөмдү кафеге чакырып дегендей. Чет жакка чыгуу үчүн чоң каражат керек, билесиздер".

Депутат Балбак Түлөбаев: "Шаке досумдун лыжа базасына барабыз. Досумдан үч күнгө сурап алдым, берип турчу деп. Ал 2-январда бошот деди. Анан 3-январда Бишкекке келем. Ошону менен болду".

Депутат Талант Мамытов: "Айылга үй-бүлөбүз менен барып тособуз деп пландап жатабыз".

Депутат Динара Ашимова: "30-декабрда Умрага кетип жатам".

Депутат Шайлообек Атазов: "Ыйманды толтуруу үчүн жыл сайын 3 күнгө дааватка кетип калам. Бул жылы дагы ушундай кылайын деп жатам".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
IOA
2022-12-27 17:48:00
Астахов молодец
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан