Эне тилге эки мүнөт рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында бир нече фразеологизмдердин маанилерин чечмелейбиз. Алар: сайда саны, кумда изи жок, үй күчүк, жылын төө кылуу, жер сабоо, колу туткак жана күлү додо болбоо.
Сайда саны, кумда изи жок - дайыны чыкпай жоголгон, дареги билинбей калган, кабарсыз жок болгон деген мааниде колдонулат. Мисалы: Келген себеби, жээндери бар эле, жээндеринин да сайда саны, кумда изи жок (Шүкүрбеков).
Үй күчүк - үйдөн чыкпаган, эки жакка чыгып элге аралашпаган, үйдөн алыс кетпеген, дайыма үйдө жүргөн адамдарга карата айтылган. Мисалы: Атайдын үй күчүк болушун көпчүлүк жактырышпады (Каимов).
Жылын төө кылуу - барктануу, баалануу, маалкатуу, кербезденүү. Мисалы: Мынча эмне жылыңды төө кыласың?
Жер сабоо - буркан-шаркан түшүп, абдан ачуулануу, каарын төгүү. Мисалы: Канайдын журтка таштап кеткен бул кылыгына Бишкек жер сабап өкүрдү (Үмөталиев).
Колу туткак - майда-чуйда нерселерди, колуна тийгенди уурдап, жымырып кете берме, кичине уурулук жайы бар. Мисалы: Биздей кезинде эле чоң муштум, тентек, шылуун, колу туткак неме болчу (Саатов).
Күлү додо болбоо - бир жерге байыр алып турбоо, турук албоо, ар кайсы жерде көчүп жүрө берүү. Мисалы: Күлү додо болбой араздашып, өз бетинче кеткен ата-эне сөрөй ушу тирүүлөй жетимди ойлойт дейсиңби? (Айтматов).