Шакиев ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Раевди кабыл алды

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түрк тилдүү элдердин маданияты эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда уюмдун алкагында бир тууган өлкөлөр ортосундагы маданий алаканы арттыруу маселелери талкууланды.

Нурланбек Шакиев алгач Султан Раевди ТҮРКСОЙго башкы катчы болуп шайланышы менен куттуктады.

“Сиздин бай тажрыйбаңыз жана түрк дүйнөсүндөгү кадыр-баркыңыз боордош мамлекеттердин маданий байланышын чыңдоого өбөлгө түзүп, уюмдун иши жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө терең ишенем”, – деди Шакиев.

Муну менен катар Кыргызстан түрк тилдүү өлкөлөрдүн өнөктөштүгүн өөрчүтүү максатын көздөгөн бардык уюмдарды колдоорун белгиледи.

“Айрыкча маданий өзгөчөлүктөрүбүз боордоштугубуздун негизги көрсөткүчү. Андыктан, кылымдардан келе жаткан көөнө каада-салтыбызды, руханий баалуулуктарыбызды бир тууган өлкөлөр арасында жайылтып, дүйнөлүк деңгээлде таанытуубуз кажет. Мында ТҮРКСОЙдун ролу өзгөчө” ,- деп кошумчалады төрага.

Андан тышкары, кыргыз элинин белгилүү акын жазуучуларынын чыгармаларын түрк тилине которуу менен жалпы түрк окурмандарына жайылтып жатканы үчүн уюмга ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде, башкы катчы Султан Раев жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылыгын айтып, өзү жетеген эл аралык Түрк маданияты уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берди.

“Түрк дүйнөсүнүн алкагында түзүлгөн уюмдардын алгачкысы жана бардык түрк мамлекеттери мүчө экендиги менен өзгөчөлөнгөн ТҮРКСОЙ эл аралык уюму кийинки жылы 30 жылдыгын белгилейт. Бул жылдар аралыгында тили, дили окшош элдердин маданий байланышын арттырган алтын көпүрө катары жигердүү кызмат кылып келди. Ири иш-чаралар өткөрүлүп, уюм алкагында бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылды”, - деди Султан Раев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан