Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштерин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдады.
"23-декабрдан 27-декабрга чейин Ош шаарында алдыда өтүүчү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Ошондой эле жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү жана кийинки жолугушуу Өзбекстандын аймагында өтөрү кошумчаланды.