
Сузак райондук милициясында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмыштарын жашырган факты аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда ИИМдин маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында бир катар жетекчилер жана кызматкерлер тартиптик жазага тартылды.
Кызмат ордуларынан бошотулгандар: Жалал-Абад ОИИБинин жетекчиси полковник А. Тагаев, Сузак РИИБинин жетекчиси полковник Замирбек Ормонов, Сузак РИИБинин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары майор А. Бакиров, Сузак РИИБинин жетекчисинин орун басары подполковник Б. Маткеримов.
"Катуу сөгүш" тартиптик жазасы берилгендер: Жалал-Абад облусунун сотко чейинки өндүрүш боюнча башчысынын орун басары Б. Кулжанов, Жалал-Абад ОИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси полковник Н. Долонов, Жалал-Абад ОИИБинин ички иликтөө бөлүмүнүн башчысы полковник С. Жумагулов, Жалал-Абад ОИИБ штабынын башчысы полковник М. Ташбаев, Сузак РИИБинин башчысынын орун басары майор К. Саркаров, Сузак РИИБ жетекчисинин кадр боюнча орун басары майор Н. Далбаев.
"Сөгүш" алгандар: Жалал-Абад ОИИБинин ички иликтөө бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлдөрү Н. Жолоев жана А. Абдыраимов.
Тартиптик жоопкерчилиги ден соолугу оңолгондон кийин карала тургандар:
Жалал-Абад ОИИБинин оперативдүү иштер боюнча жетекчисинин орун басары К. Рахманов, кызмат боюнча начальнигинин орун басары Н. Сыдыков, кадр иштери боюнча жетекчисинин орун басары М. Масиркулов.
"Жалпы 12 кызматкер тартип жазасына тартылды. Алардын ичинен 4 кызматкер ээлеген кызмат ордунан бошотулса, калгандары тартип жазаларын алышты. Дагы 3 кызматкерге карата тиешелүү чечим кабыл алынат", - деп жазылат ИИМдин маалыматында.
ИИМ көп кемчиликтерге жол берген, мыйзамдуулукту сактоо боюнча өз убагында чараларды көрбөгөн, кызматына шалаакы мамиле кылган, коомдук тартипти коргобогон же жеке кызыкчылыктарын көздөгөн жетекчилерге эң катаал чаралар көрүлөрүн эскертип келет.