Өлкө башчы Садыр Жапаровдун 26-27-декабрда Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин мааалымат кызматынан кабарлады.
Ага ылайык, мамлекет башчысы жыл сайын салттуу түрдө Орусия тараптын демилгеси менен өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.
Ошондой эле Садыр Жапаров жана КМШ өлкөлөрүнүн башка башчылары Орус музейине барышып, орусиялык белгилүү искусство чеберлеринин эмгектери менен таанышты. Мындан башка бейформал эртең мененки тамактанууда болушту.
Иш сапарын аяктаган мамлекет башчысы бүгүн, 27-декабрда Бишкекке кайтып келди.