Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси быйыл Дүйнө чемпиондугу учурунда жашаган бөлмө музейге айланат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Бөлмөнү Месси таштап кеткен боюнча калтыруу чечими кабыл алынган. Аны жергиликтүү тургундар да, туристтер да көрө алышат.
Мессинин бөлмөсүндө эки керебет, стол, кресло, телевизор жана жаздыкчалары бар диван бар.
Анын каалгасында L. Messi деген жазуу жана Аргентинанын желеги орнотулган.
18-декабрдагы футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун финалында Аргентина курама командасы Францияны утуп алган. Ал эми Месси аталган оюндун мыкты оюнчусу аталган.