Өлкөдө балага сүйүнчү берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Буга борборлоштурулган базанын жаңыланып жатканы себеп болгон.
"Төлөмдөр жаңы жылдан тарта бериле баштайт. Ал эми арыздарды кабыл алуу кадимкидей тартипте улана берет", - деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда 2018-жылдан тарта жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом сүйүнчү чегериле баштаган.