Бишкекте унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан 37 айдоочу аныкталды

Бишкекте «Бахус» рейдинин жүрүшүндө унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 37 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, аталган рейддик иш-чаралар 21-декабрда башталган. Ал 31-декабрга чейин уланмакчы.

"Терезелери караңгылатылган унааны башкаруу, мамлекеттик органдардын уруксатысыз унаалардын терезелерине пардаларды колдонууда жарандарга 20 000 сом, юридикалык жактарга 40 000 сом өлчөмүндө айып салууга алып келет", - деп айтылат маалыматта.

Рейд жол кырсыктарын азайтуу жана жол кыймылынын эрежелерин одоно бузууларды аныктоо максатында өткөрүлүүдө.

Белгилей өтсөк, жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу Бишкек шаарындагы Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ekb92
2022-12-28 11:55:00
Дагы эле ошол, Ким крутой болсо всё можно, закон для них х.....я
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан