Бүгүн Садыр Жапаровдун катышуусунда өкмөттүн жыйыны болот

Бүгүн, 28-декабрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтөт. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйында министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчёту угулуп, ошондой эле министрлер кабинетинин 2023-жылга иш планы каралат.

Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат.

Жыйын 14:00дө УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан